Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын комитети дагы Кубатбек Бороновдун талапкерлигин премьер-министрликке жактырды

Депутаттар да өкмөттүн сунушталган курамын бекитип беришти

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча Жогорку Кеңештин комитети Кубатбек Бороновдун талапкерлигин премьер-министрлик кызматка жана анын өкмөтүнүн сунушталган курамын жактырышты.

Буга чейин бул маселе парламенттин көпчүлүк коалициясында каралган.

Эртең Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Бороновдун жана өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн сунушталган курамын карап чыгайт.

Эске салсак, Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министрлик кызматынан кечээ өз каалоосу менен кеткен.

Бүгүн ал билдирүү жасап, анда өзүнүн отставкасынын себебин түшүндүргөн.

Манас Кольбаев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх