Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубатбек Боронов өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн кантип тандаганын айтып берди

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу ар бир талапкердин билими менен тажрыйбасын баса белгиледи

Жогорку Кеңеш премьер-министрлик кызматка көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Кубатбек Боронов көрсөткөн Кыргызстандын өкмөтүнүн түзүмүн, курамын жана иш программасын бекитүү маселесин кароодо.

Маселени күн тартибине кечээ Бороновду өкмөт башчылыгына жана кабминдин жаңы курамын бекитип берген конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук укуктук маселелер жана ЖКнын регламенти боюнча комитет койгон.

Парламенттик көпчүлүк коалициясынын мүчөлөрү дагы ушундай эле добуш беришкен.

Бүгүн Кубатбек Боронов парламенттеги сөзүндө өкмөттүн пландары туурасында, ошондой эле кабминге жаңы мүчө болуп келе тургандар жөнүндө кенен маалымат берди.

«Бардыгына белгилүү болгондой, Мухаммедкалый Абылгазиев саясий чечим кабыл алды. Учурдан пайдаланып, ага ийгилик каалап кетмекчимин.

Көпчүлүк коалициясы тарабынан анын ордуна менин талапкерлигим сунушталды. Өзүңүздөр билгендей, мен 7 жыл ӨКМ башчысы жана 2 жыл вице-премьер катары иштедим. Колумдан келишинче элиме кызмат кылдым», - деди ал .

Өкмөттүн курамы өзгөргөн жок, жаңы талапкерлер буга чейин кызматынан өз каалоосу менен кеткен аткаминерлердин ордуна сунушталды.

«Биринчи вице-премьер-министр кызматына Алмазбек Баатыралиевдин талапкерлигин сунуштайм. Силердин мурдагы кесиптешиңердин экономикалык жана юридикалык билими бар, аймакта иштеген. Мындан сырткары, ал өлкөнүн маанилүү көйгөйлөрү менен тааныш жана анын тажрыйбасы бул кызматка пайдасы тиет.

Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин ордуна Таалайбек Темиралиевдин талапкерлигин сунуштайм. Мен аны менен ӨКМде иштегем. Бул адам мекемедеги карьердик тепкичтин бардык баскычтарынан өткөн. Өзүнүн тажрыйбасы менен жаңы кызматында ийгиликтерге жетишет деп ишенем.

Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик агенттигинин башчылыгына Алтынбек Исмаиловду эл аралык тажрыйбасы бар адам катары сунуштадым.

Ал Жогорку технологиялар паркынын директору кызматын ээлеген. Анын билими жана тажрыйбасы өлкөнү санариптештирүүнү ишке ашырууда абдан керек», - деп белгиледи ал.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх