Мирлан Жеенчороев Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча комиссиянын курамынан чыкты
Депутат бул маселени палатага добуш бөрүү үчүн коюуну суранды
“Республика - Ата Журт” парламенттик фракциясынын мүчөсү Мирлан Жеенчороев бизнесмен Айеркен Саймаитинин киши колдуу өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиядан чыгарын билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында айтты.
Депутаттын айтымында бул анын жеке чечими. Ал бул маселени добуш берүүгө коюну суранган.
Эске салсак, 2019-жылдын 10-ноябрында Стамбул шаарында бизнесмен Айеркен Саймаитини атып кетишкен. Ал “Азаттык” радиосунун бажы тармагындагы коррупция жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен акча каражаттар туурасындагы журналисттик иликтөөсүндө маалымат берген.
21-ноябрда “Бир Бол” фракциясынан парламенттин депутаты Алтынбек Сулаймановдун сунушу менен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.
Гулиза Чудубаева
Фото www