Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаттары кайым айтышып, төрага ортого түштү

Камчыбек Жолдошбаевдин сунушу анын кесиптешинин кыжырына тийди

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев кесиптештерине өкмөттүн мүчөлөрүн палатанын жыйынында кармай бербей, коронавирус менен күрөшүүгө эртээрек жиберүүнү сунуштады.

Муну менен бирге ал буга чейин сөз сүйлөгөн депутаттардын бардыгы премьер-министрликке талапкер Кубатбек Бороновду болгону мактап жатышканын билдирген.

- Суроолоруңар жок болсо, мактай эле берсеңер, анда келгиле бул маселени түшкө чейин карап чыгып, аларды коё берелик, иштешсин,- деген Жолдошбаев. - Бүгүн 90 адамдан коронавирус чыкты. Боронов иштеши керек. Мага бул жактан депутаттар келип, бул сунушту добушка коелук деп жатышат.

Мындай идея анын кесиптеши Рыскелди Момбековго жакпай калган.

- Токтоткула! Эч ким силерге барып суранган жок, ким келсе анда фамилияларын бергиле, - деди эл өкүлү. - Сиз ансыз деле кышында балдарыбыз үшүп жатат, кетелик деп бизди шылдың кылгансыз. Азыр эмне ысып жатышыптырбы? Мактаса мактай беришсин.

Спикер Дастан Жумабеков аз жерден уруша жаздаган депутаттарды тынчтыкка чакырган.

Бирок, добуш берүүнүн жыйынтыгында Камчыбек Жолдошбаевдин сунушу колдоо таап, 51 эл өкүлү макул деп, алтоо каршы добуш беришкен.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх