Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан COVID-19 менен күрөшүүгө дагы 20 млн долл алат

Бул акчага тез жардам унаалары жана медициналык буюмдар алынары белгиленди

COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясына каршы күрөшүү үчүн саламаттык сактоо секторун бекемдөөгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмөктөшүү максатында Азия Өнүктүрүү Банкы 20 млн АКШ доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүүнү бекиткенин Мамлекеттик штаб билдирди.

“Долбоор COVID-19 вирусун дарылоо борборлору катары аныкталган өлкөдөгү ооруканалардын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртат. Бул ооруканалар интенсивдүү терапия үчүн кошумча 80 койка ачылып, тез жардам унааларын, медициналык багыттагы керектүү каражжаттарды алышат. Бул ооруканалардагы саламаттык сактоо кызматкерлери жеке коргонуу каражаттарын алып, ошондой эле адистештирилген окуудан өтүшөт жана татаал эмгектенүү шартына байланыштуу кошумча колдонмолор менен камсыз болушат”, -деп айтылат маалыматта.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх