Отставкадан кийин Абылгазиев эмне менен алектенери белгилүү болду
Өкмөттө экс-премьерде азырынча башка ишке кирүү планы жок экенин билдиришти
Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эми ден-соолугуна кам көрмөкчү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Чынгыз Эсенгулов бөлүштү.
Анын айтымында Абылгазиев азырынча иштебей, ден-соолугуна кам көрүп, үй-бүлөсүнө көбүрөөк убакыт бөлүүгө ниеттенүүдө.
Эске салсак, Абылгазиев үстүбүздөгү жылдын 15-июнунда отставкага кеткен. Ага чейин ал кыска мөөнөттүү өргүүгө чыккан.
Гулиза Чудубаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз