Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

COVID-19 жуктурган басма сөз катчы менен байланышта болгон Акылбек Жапаров менен Каныбек Иманалиев анализ тапшырышты

Мындан сырткары, ЖКнын басма сөз кызматынын алты кызматкери да коронавируска текшерилүүдө

Коронавирус жуктуруп алган Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу парламенттин эки депутаты менен байланышта болгон. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.

Анын айтымында парламент мүчөлөрү менен ЖКнын басма сөз кызматынын кызматкерлеринен COVID-19га анализ алынды.
- Өткөн жумада мен депутаттар Каныбек Иманалиев жана Акылбек Жапаров менен байланышкам, - деди Ибрагим Нуракунович. - Мен алардан «Парламент сабактары» берүүсүнө интервью алгам. Ошондой эле басма сөз кызматынын алты кызматкери да тест тапшырышты.

Ибраим Нуракун уулунун айтымында COVID-19дун белгилери анда буга чейин эле байкалган, ошондуктан ал көбүнчө үйүнөн иштеп жаткан.
- Дене табым көтөрүлүп баштагандан бери мен үйдөн иштеп жаткам, башка депутаттар менен байланышкан эмесмин, - деп белгиледи ал.

Эске салсак, кечээ Ибраим Нуракун уулу коронавируска чалдыкканын Фейсбуктагы баракчасында жазган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх