Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеш интернеттеги маалыматты манипуляциялоо боюнча чырлуу мыйзамдуу биринчи окууда кабыл алды

Интернеттеги цензурага каршы төрт депутат гана добуш берген. Алар кимдер?

ЖК депутаттары биринчи окууда депутат Гүлшат Асылбаева тарабынан демилгеленип, чыр жараткан «Маалыматты манипуляциялоо» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты. Интернеттеги маалыматка көзөмөл киргизүү үчүн 102 депутат добуш берип, төрт депутат каршы болгон. Каршы добуш берген депутаттардын арасында Дастан Бекешев, Элвира Сурабалдиева, Каныбек Иманалиев жана Наталья Никитенко бар.

Дастан Бекешев мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Элвира Сурабалдиева экөө гана активдүү каршы чыгышканын Vesti.kg сайтына айтып берди.

- Евгения Строкова талкуулоо убагында жеке мамилелерге өтүп, ал эми Гүлшат Асылбаева суроо бергенге мүмкүндүк бербей, сөздү бөлүп жатты, - деди ал. - Бирок, эң башкысы, мыйзам долбоору боюнча Маданият министрлиги эгерде маалымат чындыкка дал келбей турган болсо сотко чейин эле аны интернетте чектеп кое алат. Адистер иш бөлмөсүндө эмне чындык, эмне калп экенин аныктап калышат. Бул коррупционерлерге жардам берет деп белгиледим. Каалаган коррупционер Маданият министрлигине ал жөнүндө интернетте жазылган “жалган” маалыматты өчүрүп салгыла деп арыздана алат. Сурабалдиева экөөбүз эле ачык каршы болду. Бирок, мыйзам долбоору баары бир өтүп кетти.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg медиакэсперттер менен юристтер Гүлшат Асылбаеванын интернеттеги маалыматты көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоорун кескин сынга алышканын жазган эле.
Өз кезегинде Асылбаева өзү анын мыйзам долбоору негизинен жаңылыктар менен күрөшүүгө багытталбаганын айтып берген. Анын айтымында мыйзам коомчулук менен маалыматтык чөлкөм ортосундагы ишенимди кайра калыбына келтирүү үчүн керек.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх