Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Гульшат Асылбаева: Фейк маалыматтын айынан менин кайненем инсультка кабылды

«Маалыматты манипуляциялоо» мыйзамы боюнча парламенттик угуулар өтүүдө. Маданият министрлиги интернет колдонуучуларын блоктоо мүмкүндүгүнө ээ болушу мүмкүн

Жогорку Кеңеште «Маалыматты манипуляциялоо» мыйзамы боюнча парламенттик угуулар өтүп жатат.
Мыйзамдын демилгечиси, депутат Гүлшат Асылбаева документти интернет айдыңында фейк аккаунттардан жалган маалыматтын тарашына жол бербөө үчүн кабыл алуу керектигин түшүндүргөн.

«Фейк аккаунттар адамдардын абийирине жана ар-намысына шек келтирүү үчүн колдонулушу мүмкүн, - деди ал. - Ооба, интернетте адамдар өз көз карашын билдире алышат, бирок, кээде адамдар чектен чыгып кетишет. Фейк аккаунттардын аркасында жашынгандардын жүздөрү жок, бирок, эл тигил же бул маалымат кимден келип жатканын билиши керек. Ошондуктан, биз Маданият, маалымат жана туризм министрлиги фейк аккаунттарды блоктосун деп сунуштап жатабыз. Техникалык жактан бул мүмкүн».

Өз кезегинде байланыш операторлорунун ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөңкеев фейк аккаунттарды блоктоо жалган маалыматтын тарашы боюнча көйгөйдү чечпей турганын айтты.

«Аккаунтту өчүрүп салышкандан кийин колдонууучу ошол эле IP-адресте жаңысын ача алат, - деп түшүндүрдү ал. - Маалымат бир нече серверлерде сакталып, өтө тез жайылышы мүмкүн. Андыктан, алар кеткен каналдарды эмес, маалыматтардын сакталган жерин блоктоо зарыл».

Асылбаева ага буга чейин сим-карталар деле паспорттор аркылуу катталбаганын, бирок, кийин бул көйгөй чечилгенин, демек, аккаунттар менен деле ошондой кылса болорун айткан.

«Жалган маалыматтан сактануу укугу корголушу керек, - деп сөзүн улантты ал. - Соцтармактарда мен жөнүндө ар кандай сөздөрдү жазышып, анын айынан менин карыган кайненем инсультка кабылды. Биз улууларды урматтаган чыгыш өлкөсүндө жашайбыз да. Фейк аккаунттардан жазган адамдар болсо муну ойлошпойт. Эмнеге паспорт аркылуу сим-карталарды сатып алганда эч ким биздин укугубуз бузулуп жатат деп ойлобойт? Бул мыйзам долбоорун укук, эркиндик, демократия деңгээлине чейин жеткирип, ызуу-чуу кылып жиберишкени мени абдан өкүндүрөт».

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх