Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Журналист - ЖК депутаттарына: Эмнеге бизге калп айтып жатасыңар? Фейк аккаунттарды индентификациялоого болбойт

«Маалыматты манипуляцияло» мыйзамы боюнча парламенттик угуулардын жүрүшүндө журналист менен депутат кайым айтышып кетти

Маалыматты манипуляцияло» мыйзамы боюнча парламенттик угуулардын жүрүшүндө «Factcheck.kg» сайтынын редактору Болот Темиров депутаттар шайлоонун алдында жалган маалыматтардын тарашын токтотууну эмес көз карандысыз ЖМКлардын оозун жапканга аракет кылып жатышат деди.

«Фейктердин аркасында турган адамдарды аныктай алабыз деп силер элди алдап жатасыңар, силерге ал эмес интернет-провайдерлер дагы бул мүмкүн эмес дешпебиди, - деп белгиледи ал. - Соцтармактар аркылуу баңгизат сатылууда, муну токтотобуз дейсиңер. А мыйзамды бул тууралуу бир дагы сөз жок. Же силер Фейсбукта тыюу салынган заттар ачык сатылат деп ойлоп жатасыздарбы? Чындыгында аларды IP-адрестери дайыма өзгөрүп турган мессенжерлер аркылуу сатышат, аларды аныктап чыгуу мүмкүн эмес. Бул мыйзамды кабыл алсаңар Хизб-ут Тахрирдин мүчөлөрү барып, аккаунттарын каттайт дейсиңерби? Алар силерди азыр шылдыңдап, күлүп, өз маалыматын жеткирүүнүн жаңы жолдорун издеп жатышат. Эмнеге бизди алдап жатасыңар?».

Буга Асылбаева мыйзам долбоору фейк аккаунттардын ээлеринин аты-жөнүн идентификациялоону көздөбөсүн, сөз аларды блоктоо туурасында гана жүрүп жатканын айтып жооп берди.

«Эмнеге 178 уюм силердин мыйзам долбооруңарга каршы чыккан учурда, кыргызстандыктардын көбү аны колдойт деп жалган айтып жатасыздар?», - деп, Темиров Асылбаевадан сурады.

«Уюмдар - бүтүн Кыргызстан эмес». - деп кутулганга аракет кылды депутат.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg медиаэксперттер менен юристтер интернеттеги маалыматты контролдоо боюнча мыйзам долбоорун кескин сынга алышканын жазган эле.
Өз кезегинде Асылбаева өзү анын мыйзам долбоору жаңылыктар менен күрөшүүгө багытталбаганын, коом менен маалыматтык чөлкөм ортосундагы ишенимди калыбына келтирүү үчүн керек экенин түшүндүргөн.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх