Каныбек Иманалиев COVID-19га тапшырган анализинин жыйынтыгын алды
Парламент мүчөсү коронавируска чалдыккан ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси менен байланышта болгон
ЖК депутаты Каныбек Иманалиевден коронавирус табылган жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.
- Жаңы эле дарыгер келди, анализим таза чыгыптыр, - деп бөлүштү парламент мүчөсү.
Эске салсак, буга чейин Vesti.kg депутаттар Каныбек Иманалиев менен Акылбек Жапаров коронавируска чалдыккан ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу менен байланышта болушканын жазган.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз