Коронавируска чалдыккан Ибрагим Нуракун уулу менен байланышта болгон депутат Иманалиев: Карантинди сактап жатам, бирок, үйдө эмес
Парламент мүчөсү анализ тапшырып, бүгүн жыйынтыктарын күтүп жатат. Бирок, ал обочолонуу режимин сактап жатабы-жокпу айтуудан баш тартты
ЖК депутаты Каныбек Иманалиев коронавирустук инфекцияга тапшырган анализинин жыйынтыктарын бүгүн алат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына эл өкүлү өзү билдирди.
Эске салсак, ал кечээ COVID-19 аныкталган ЖКнын басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу менен байланышта болгон.
- Менде вирустун белгилери жок, бирок, кечээ тест тапшырдым, - деди депутат.
Үй карантинин сактап жатасызбы деген редакциянын суроосуна Иманалиев үйдө эмес экенин айтып жооп берди.
- Карантинди сактап жатам, бирок, үйдө эмес. Кайда? Бул маанилүү эмес, - деп ал телефонду коюп койду.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы менен ошондой эле депутат Акылбек Жапаров дагы байланышта болгон.
Зулайка Эркимбаева
Фото www