Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин эки депутатынан коронавирус чыкты

Парламенттин басма сөз кызматы кайсы эл өкүлдөрү илдетти жуктуруп алганын айтуудан баш тартышты

Жогорку Кеңештин эки депутаты менен парламенттин аппаратынын үч кызматкери COVID-19 жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагында ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу жазды.

Эске салсак, буга чейин басма сөз кызматынын жетекчисинен да коронавирус аныкталып, ал учурда дарыланууда.

Нуракун уулулуну айтымында басма сөз кызмат илдетке чалдыккандардын аттарын атай албайт, анткени, бул жеке маалымат болуп эсептелет.

“Анын үстүнө алар алыста жашаган туугандарын, ата-энелерин кабатыр кылгысы келбейт. Ооругандардын баардыгы обочолонгон. Соңку кырдаал Жогорку Кеңештин ишине азырынча таасир бербейт”, -деп жазган Нуракун уулу.

Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери толук ПЦР-текшерүүдөн өтүп бүтө элегин кошумчалаган

“Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы расмий маалыматты жакынкы минуттарда жарыялайт”, - деп жазган ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх