Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эл өкүлү Маматалиев депутаттар Матраимовдор боюнча корутунду чыгарышкандыктан, бул маселени жабуу керек деди

Парламент мүчөсү кесиптештери кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы менен чечим чыгарышпайт болчу деген пикирде

ЖК депутаты Марлен Маматалиев бизнесмен Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча жагдайларды иликтеген депутаттык комиссиянын чыгарган корутундусуна күмөн санабайт. Бул тууралуу парламент мүчөсү Багыт.kg гезитине берген маегинде билдирген.

“Депутаттык комиссия тарабынан сунушталган маалыматка ишенбейм, бирок, бул корутундуга күмөнүм бар деп айтуудан алысмын, анткени, парламенттик комиссияга принципиалдык инсандар кирген, - деп белгилеген Маматалиев. —Алар кимдир-бирөөнүн кызыкчылыктарын көздөп чечим чыгармак эмес деп ишенем. Муну менен бирге Улуттук Банктын башчысынын сөздөрүнө да ишенем.

Мен ЖКнын бюджет жана финансы боюнча комитетинде мүчөмүн. Бул маселе көтөрүлгөндө мен ал каражаттардын бюджетке тиешеси жок экенин билгем. Бирок, бул каражаттар контрабандадан түштүбү же кызматкерлерге тийиштүүбү деген ар кандай пикирлерди угуп, ойлорго чөмүлдүм. Эми болсо күмөн санаткан бардык маселелер боюнча чындыкты билдим".

Муну менен бирге парламент мүчөсү өлкөдөн чыгарылып кеткен миллиондогон акчаларга байланышкан чырга себепчи болгон “Азаттыктын” журналисттик иликтөөсүнө баа берген.

“Негизи эле, “Азаттыктын” журналисттери болобу же башка агенттикпи, бизде Конституция менен бекитилген сөз эркиндиги бар, - деп эске салды Маматалиев. Ар ким өзүнө карап түшүнгөн ар кандай маалыматты берет. “Азаттыктын” иликтөөсү коомчулуктун үрөйүн учурганы менен, аны жакшылап эстеп көрсөк, ал жакта каражаттарды Матраимовдор чыгарып кеткени так айтылган эмес. Тагыраагы, “балким” деген сөздөр көбүрөөк айтылган. Бирок, абалдан пайдаланып, бул каражаттарды Матраимовдорго чапташтырып коюшту. Мындан улам, бул иликтөөнү көргөндөрдүн бардыгы 700 млн долларды Матраимовдор чыгарып кеткен деген ойдо калышкан".

Эл өкүлү бул маселеге чекит коюу керек деген пикирде.

"Парламенттик комиссия отчетун берип жатканда мен тийиштүү адамдардан Матраимовдордун акча каражаттарын чыгарып кетүүгө тиешеси барбы деп сурадым, — деп айтып берген ал. Финполиция менен Улуттук банктын өкүлдөрү жок деп жооп беришти. Менин көз карашымда бул маселеге парламенттик комиссия сунуштаган корутунду менен чекит коюу зарыл..

Эске салсак, бир нече күн мурда Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтеген депутаттык комиссия МБКнын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен анын жакындары Кыргызстандан чыгарылган 700 млн долларга тиешеси жок деген корутунду чыгарышкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх