Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Гүлшат Асылбаева: Эгерде митингчилерге чыгыш керек болсо, мен чыгууга даярмын

Жанар Акаев депутат кыргызстандыктарга жооп бериши керектигин белгиледи

Депутат Жанар Акаев парламенттин жыйынында маалыматты манипуляциялоо боюнча мыйзам долбоорунун демилгечисис Гүлшат Асылбаевадан ал көчөгө, митингчилерге чыгууга даяр бекенине кызыкты.

- Мен кечээ соцтармакта дээрлик бардыгына бул суроо боюнча жооп бердим, - деди Асылбаева. -Мен алар менен сүйлөштүм. Чыгыш керек болсо, мен чыгууга даярмын.

Жанар Акаев ал кыргызстандыктардын алдында жооп бериши керектигин белгиледи.

- Биздин кээ бир кесиптештер бул аракеттерди атайын уюштурууга аракет кылышты, - деп улантты Асылбаева. - Бул менимче, туура эмес.

Эске салсак, парламенттин имаратынын алдында аталган мыйзам долбооруна каршы митинг өтүүдө.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх