Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тюлеев Атамбаевге: Коркок кагаз генералдарыңар сизди чып-чыргагыңызды калтырбай сатып кетишти

Бишкектин экс-мэри мурдагы президентке карата чыгарылган соттун өкүмү тууралуу пикирин билдирди

Бишкектин экс- мэри Наринман Тюлеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата чыгарылган соттун өкүмү тууралуу өз пикирин билдирди. Өз пикирин ал социалдык тармактагы жеке баракчасында жазган.

«Мен соттун чечими боюнча баа бере албайм, Атамбаев менен анын шериктештерине адилеттүү сотту кааларымды буга чейин эле жазгам, мына эми соттун өкүмү чыкты, - деп жазган Түлеев. Мен чынында мындай абалды душманыма да каалабайт элем. Бирок, бул Атамбаевдин системасынын, жеке анын киргизген тажрыйбасынын кесепети.
Мына эми Сиздин өзүңүздүн системаңыз мага кылганды сизге да жасады. Биринчи жолу жакындарынын да мүлкүн конфискация кылууну сиз колдонгонуңузду мен эле эмес, эксперттер Клара Сооронкулова менен Исхак Масалиев да айтып жатышат».

Тюлеев анын туугандары Атамбаевге бир нече жолу кайрылышканын эске салды.

«Албетте, мен президентикке чейин бизнес аркылуу табылган мүлктү конфискациялоону туура эмес деп эсептейм, -деген ал. - Бирок, бул сиз өзүңүз киргизген система жана аны реформасыз эми өзгөртүүгө болбойт.
Биз сиз менен бул жөнүндө учакта да сүйлөшкөнбүз. Сизде адилеттүү сот системасын, мамлекеттик башкарууну курууга, мыкты экономиканы түзүүгө алты жылыңыз бар болчу. Бирок, сиз бул убакытты интригаларга, оппозицияны жана сөз эркиндигин басып, тегерегиңиздегилердин кызыкчылыктарында кадрдык маселелерди чечүүгө коротуп койдуңуз».

Өз сөзүндө Бишкектин мурунку мэри Батукаевдин бошотулушу боюнча иш тууралуу да пикирин айткан.

«Батукаевдин иши боюнча сиз бул сураныч болгонун жана сиз команда бергениңизди айткансыз, ал эми сиздин коркок кагаз генералдарыңыз эми сизди чып-чыргагыңызды калтырбай сатып кетишти, - деп жазган ал. - Же мындай эмеспи? Кайсы бир суранычты аткарыш үчүн сиз колдон келгениңизди кылдыңыз, башкаларга болсо көңүл да бурган жоксуз. Өз маалында сиз барктап, мактаган адамдар кара жандарын сактап, сизди жалгыз күнөөлүү кылып коюшту. 20дай адамдын катыштыгы бар делген иште сиз жалгыз камакта калдыңыз.
Сиздин жакындарыңызды эч ким куугунтуктап жатпаганына кубанышыңыз керек, сиздин системада менин жакындарымдын аркасынан аңдуу жүргүзүлүп, жасалма иштер козголуп, текшерүүлөр, моралдык кысым болгон эле. Соцтармактарга караганда сиздин жакындарыңыз бейкапар жашоо сүрүп жатышат, бул сиз өнүктүргөн басмырлоо системасы эмес.
Сотто менин күнөөм далилденбегенине карабай, кагаз түрүндө да далилдердин жоктугуна, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү да жок болчу. "Тазалыктын" директору ачык эле зыян жок деген. Прокурор иштин материалдарында жок документке таянып туруп алды. Бул өндүрүштөгү башка толгон токой мыйзам бузуулардан сырткары. Өкүмдүн өзүндө конфискация тууралуу сөз да жок болчу, мүлктү камакка алуу бар болчу, бирок конфискация эмес.».

Нариман Тюлеев түрмөдө отурганда ага мамлекетке келтирген зыянды төлөп коюп, эркиндикке чыга аларын айтышканын кошумчалаган.

«Мен анан төлөдүм, бирок, сиз каалагандыктан эмес, а мени менен бирге шектелип кармалгандар амнистия менен эркиндикке чыксын деп төлөдүм, - деген ал. Азыркы абалга карап, Алмаз Шаршеновичке айтат элем: Сиз да эркектик кылып төлөңүз! Сиз менен кошо башкалар, алардын үй-бүлөлөрү жабыркады. Зыянды төлөсөңүз алар жакындарына тезирээк кайта алышат. ЖЭБ боюнча мыйзам 5 млрдды түздү, Музей, ат майданы, Түштүк жолдун курулушу боюнча андан көп болушу мүмкүн. Башка иштер да чыгат, ал жерде да зыян келет. Натыйжада 15 миллиарга жакын зыян чогулат.
Мультимиллионермин деп дайыма мактанчу элеңиз. Демек, төлөй аласыз, төлөп коюп, тынч жашаңыз. Кудай буюрса, сиз айыгып, эркиндикке чыгасыз. Сиздин жашаганга дагы убактыңыз бар, ал эми акча бул суу. Кедейчиликте калбайсыз».

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сот Алмазбек Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыратып, бардык сыйлык жана наамдарынан ажыратканын жазган.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# Мупов Нурлан Жаанбек 27.06.2020 10:17
При БАКИЕВА при Атанбаева чуть чуть было надежды у людей а сейчас нет ни какого надежды
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх