БШК: Кыргызстанда парламенттик шайлоо коронавируска карабай өткөрүлөт
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ошондой эле, добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоочулардын коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулашты
Кыргызстанда парламенттик шайлоолор коронавирус пандемиясына карабастан өтөт. Бул тууралуу БШКга шилтеме кылуу менен Super.kg порталы билдирди.
Бүгүн, 26-июнда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен COVID-19 штабынын биргелешкен жыйыны өтүүдө.
Анда БШКнын жыйындарын онлайн трансляция кылуу боюнча талкууланып жатат. Кыргыз өлкөсүндө пандемияга байланыштуу шайлоо кандай шартта өткөрүлөт жана шайлоочулардын коопсуздугу каралабы, шайлоого кандай даярдыктар бар деген негизги суроолордун үстүндө талкуу жүрүүдө. Жыйында БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова өз пикирин билдирип жатат.
Талкууда коронавируска карабай парламенттик шайлоо өткөрүлө турганы айтылды.
Буга чейин БШК тарабынан парламенттик шайлоонун 4-октябрда өтөрү белгиленген.
Фото www