Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирус күнүнө бир нече кишиден чыгып жаткан маалда Өзгөчө абал киргизилип, 200дөн азыр ашып жатканда мындай чара колдонулбай эле. Эмнеге? Министрликтин жообу

Мадамин Каратаев маселе ооруга чалдыккандардын санында эмес экенин түшүндүрдү

Азыркы учурда коронавируска байланыштуу абал көзөмөл алдында, андыктан, өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Vesti.kg сайтынын “Эмне үчүн күнүнө илдетке чалдыккан бир нече кишиге карабай өзгөчө абал киргизилип, азыр бул көрсөткүч 200дөн кем болбой жатса, мындай чара колдонулбай эле? деген суроосуна ушундай жооп кайтарды.

- Бүгүн мен тастыкталган 250 учурдан үчөө гана сырттан келгендерден табылганын айткам, - деп эске салды аткаминер. -Калган контакттуу учурлар өлкө ичинде болду. Өзгөчө абал режими парламенттин чечиминин негизинде президенттин жарлыгы менен киргизилет. Республикалык штаб же парламент абалга жараша тигил же бул чараларды колдонуу тууралуу сунуштай гана алат. Бүгүнкү күнгө карата бардыгы көзөмөл алдында. Демек, мындай зарылдык жок.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары мындай маселенин чечилишине комплекстүү кароо керектигин белгиледи.

- Башка өлкөлөрдө эмне болуп жатат карагыла, - деп сөзүн улантты Каратаев. - Жазында биз Өзгөчө абал киргизип, өз маалында керектүү аракеттерди көрдүк. Маселе илдетке чалдыккандардын санында эмес. Ооруну алып жүргөндөр менен белгиси жок ооруп жаткандарды алдын ала аныктаган жакшы. Түштүктө элдин жыштыгы кандай экенин өзүңүздөр билесиздер. Биз ал жакта абалды жөнгө салып, оорунун тарашына бөгөт коё албадыкпы. Бүгүн биз ооруга чалдыккандар менен байланышта болгондорду аныктаганга көп убакыт коротуп жатабыз.

Эске салсак, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүнкү брифингдин жүрүшүндө Бишкекте Өзгөчө абал режими кайрадан киргизилбей турганын айткан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх