Маданият министри: Ысык-Көлдөгү турсезонду токтотуу маселеси азырынча карала элек
Азамат Жаманкулов жарандар эс алууга баруудан кооптонгондуктан, туристтик бизнесте кризис азыртадан эле байкалып жатканын белгиледи
Коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штабда азырынча Ысык-Көлдөгү туристтик сезонду токтотуу маселеси карала элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Мекеменин башчысы өлкөнүн туристтик тармагында азыртадан эле кризис байкалып жатканын белгиледи.
- Ички туристтер эпидабалдын курчуп кеткенине байланыштуу эс алууга баргандан кооптонушууда, - деп тактады министр. - Буга байланыштуу Ысык-Көлдө турбизнес толук кандуу иштеп баштай элек. Башка өлкөлөрдөн келген туристтер боюнча биз чек аралар качан ачыларын азырынча билбейбиз. Ошондой эле, Ысык-Көлдөгү турсезонду токтотуу маселеси дагы карала элек.
Жаманкулов өлкө азыр чет өлкөдөн келип, COVID - 19 жуктурган турист үчүн жоопкерчилик ала албайт деп эсептейт9.
- Европа мамлекеттери бири-бирине чек араларын ачты, бирок, Кыргызстан азырынча туристтерди кабыл алууга даяр эмес, - деди ал.
Гулиза Чудубаева
Фото www