Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКШдагы кыргыз диаспорасы сөз эркиндигин коргоо боюнча петиция түздү

Мекендештер Матраимовдор боюнча тыкыр иликтөө өткөрүп, Кыргызстандан чыгарылып кеткен мүлктү кайра кайтарууну талап кылышууда

АКШдагы кыргыз диаспорасы сөз эркиндигин коргоо боюнча петиция түздү. Тийиштүү маалымат Change.org. сайтында жарыяланган.

Кыргызстандыктар алты миллиондуу калктын көпчүлүгү учурда чет өлкөлөрдө экенин, алар кыргыз бийлигинин коррупцияга батканын көрүп, ReAкция кыймылына кошулууну чечишкенин белгилешкен.

"Президент Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоо системасынын кызматкерлери, биз силердин коррупцияга белчеңерден батып, мыйзамсыз байыган олигархтар менен криминалитеттен көз каранды экениңерде көрүп турабыз. Ар бириңердин атыңарды билебиз. Коррупция факты ачык-айкын көрүнүп турса, үндөбөй отурганыңарды көрүүдөбүз, улам сайын ансыз да начар демократия институттарын бузуп, сөз эркиндигин басып жатканыңарга күбөбүз. Демократиялык принциптерден аттап өтүп, андай жол менен болбосун бийликте калууга аракет кылып жатканыңарды түшүнөбүз», - деп жазылган билдирүүдө.

Жарандар журналисттер менен активисттердин иликтөөсүнө карабай, мамлекет башчы менен депутаттар коррупциянын масштабы менен Матраимовдордун кланынын таасирин танып жатышканын белгилеп, бул үй-бүлө боюнча тыкыр иликтөө өткөрүп, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды дароо токтотуп, ошондой эле Кыргызстандан чыгарылып кеткен мүлктөрдү кайра кайтарууну, активисттер менен журналисттерди куугунтуктоону токтотуп, Жогорку Кеңештин депутаттарына шайлоону таза өткөрүүнү талап кылышкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх