Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мэриянын аппарат башчысы: Биз REакция 3.0. митингине жолтоо болгубуз келбейт. Эркиндик бульварын жүрүштөн кийин дезинфекция кылабыз

Балбак Түлөбаев митингчилерден болгону социалдык аралыкты гана сактоону өтүндү

Эркиндик бульварын дезинфекциялоо REакция 3.0. тынчтык акциясынан кийин өтөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында бүгүн, 29-июнда шаар башчысы Азиз Суракматов мэрияны көптөгөн шаардыктар митингдин өтүшүнө бут тосуп жатат деп күнөөлөй баштагандан кийин ушундай чечим кабыл алган.

- Дезинфекция башка көчөлөрдө өтүп турат, митингчилерге жолтоо болбойбуз, - деди Түлөбаев. - Акция аяктагандан кийин Эркиндик бульварын дезинфекциялайбыз. Бүгүн мэр Азиз Суракматов ишке чыгып, ушундай чечим кабыл алды.

Мындан сырткары, ал мэрия дезинфекцияны нааразычылык акциясынын күнү белгилүү боло электе эле пландаганын билдирди.

- Биз митингдин күнү белгилүү боло электе эле, бул райондо дезинфекция кылууну пландаган болчубуз, - деп тактады мэриянын аппарат жетекчиси. - Биз ал жакта дүйшөнбү сайын дезинфекция өткөрүп турарыбызды билесиңер да. Ушундай жол менен митингчилерге бут тоскулары келди деген болбогон сөз.

Муну менен бирге Түлөбаев митингчилерден социалдык аралыкты жана бардык керектүү санитардык эрежелерди сактоону өтүндү.

Эске салсак, бүгүн 12:00дө ЖК депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова тарабынан демилгеленген «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы REакция 3.0 тынчтык жүрүшү өтөт. Митингдин катышуучулары темир жол бекетинен Ак үйдүн имаратына чейин басышмакчы.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх