Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канат Сагымбаев: Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосун кара мышык аралагандан кийин мурдагы президентке үч жолу коркутуу болгон

УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери мамлекеттик күзөттүн объектисине коркунуч бар деген маалыматты анын жетекчилиги кулак сыртынан кетиргенин айтып берди

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев менен анын кол алдындагылары бүтүндөй мекеменин бетине көө жаап, «Альфа» кызматын бүтүндөй дүйнөгө шылдың кылды. Мындай пикирин УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери, Алмазбек Атамбаевдин күзөтүн жетектеген Канат Сагымбаев өз кайрылуусунда билдирген.

«Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин мамилелери бузулгандан кийин Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугуна 3 (үч) жолу коркунуч болгон.

Мен милдетимди аткарып, жетекчиликке кошумча күч сурап кайрылганымда кайрылуума милдеттүү түрдө чара көрүүнүн ордуна эч нерсе кылбай коюшкан.

Кой-Таштагы түшүнүксүз кылмыштуу аракеттеринен кийин Алмазбек Атамбаевди күч колдонуп жок кылууга бийлик кызыкдар экенине көзүм жетти.

Карантин учурунда баардык иштер токтотулганына карабай, бир гана Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумдары өтүп жатты. Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу начар экенин билип туруп, сот отурумундарына атайылап алып келип жатышты. Мен ооруп короновирустун белгилери бар экенин судьяга кайрылып чара көрүүнү сурансам, айыптоочу тарап Алмазбек Атамбаевди менин жаныма отургузууга сунуш киргизип калды.

Судья Марат Сыдыков карантиндеги талаптарды аткаруунун ордуна, айыптоочу тараптын сунушун канааттандырып койду. Алмазбек Атамбаевге вирус жугуп калышына бийлик кызыкдар экени ошондо эле билинип калган», - деп жазылган Сагымбаевдирн билдирүүсүндө.

Канат Сагымбаевдин пикиринде УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев менен анын кол алдындагылары бүтүндөй мекеменин бетине көө жаап, «Альфа» кызматын бүтүндөй дүйнөгө шылдың кылды.

«УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, биринчи орун басары Таалайбек Салиев, тергөө жетекчиси Самидин уулу Сагынбек, силер элди алдаганды качан токтотосуңар? Чындыкты айткандан коркуп, жоопкерчиликтен качып, мени садага чапкан үчөөңсүңөр.

Азыр дагы жоопкерчиликтен качып, жактоочу Замир Жоошевге түртө салдыңар. Жетекчи болуп туруп жоопкерчиликтен качып жатасыңар.
Улуттун коопсуздугун кантип колуңарга көтөрүп жүрөсүңөр?

Силер Жээнбековдорго кошомат кылганыңар аз келгенсип, Матраимовдорго кызмат кыла баштадыңар. УКМКнын аброюна көлөкө түшүрүп, Альфаны бүт дүйнөгө уят кылдыңар!», — деп жазылган кайрылууда.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх