Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурдагы бажы кызматкери Адыл Лолобаев Кара-Суу шаарына мэр болуп дайындалды

Жергиликтүү муниципалитеттин аппарат жетекчиси Бабыр Муминов жаңы шаар жетекчисин өз милдеттерин мыкты аткарарына ишенет

Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттары дээрлик бир добуш менен шаар башчылыгына жалгыз талапкерди колдоп беришти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жергиликтүү муниципалитеттин аппарат жетекчиси Бабыр Муминов билдирди.

Анын айтымында, шаардык кеңеште 31 депутат бар, алардын 30су Лолобаевге добуш беришкен, бир адам добуш берүүгө катышкан эмес.

Мындан сырткары, Муминов Лолобаев жаңы милдеттерин мыкты аткарарына күмөн санабасын ишенимдүү билдирди.

- Эгерде бардык депутаттар ал үчүн добуш берсе, демек ал милдеттерин мыкты аткара алат, - деди ал. Ал КСДП партиясынан көрсөтүлдү, биздин шаардык кеңеште 31 депутат болсо, алардын 23ү - КСДПнын мүчөлөрү.

Адыл Лолобаев 2007-жылы Ош шаардык бажы кызматынын башчысынын орун басары болуп эмгектенген. Ал 57 жашта.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх