Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Октябрь районунун мурдагы башчысы өзүнүн отставкасы жөнүндө: Менде пневмонияга шек болуп жатат

Максим Ситников ден-соолугуна байланыштуу, кызматтык милдеттерин аткара албай калганын айтты

Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими кызматынан жаңы эле бошотулган Максим Ситниковдо пневмонияга шектенүү бар. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

Анын айтымында анын ден-соолугу кескин начарлап кетип, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткара албай калган.

- Пневонияга шек бар, ошол үчүн кызматымдан кетүүгө туура келди, - деп түшүндүрдү Ситников. - учурда дарыгерлердин бардык көрсөтмөлөрүн аткарып жатам, бардык жарандарды да этият болуп, санитардык нормаларды сактоого чакырат элем. Бул коронавирус эмес. Айыккандан кийин менин билимим менен тажрыйбамдын пайдасы тие турган түзүмдөрдө иштөөгө ниеттенүүдөмүн.
Эске салсак, бүгүн, 2-июлда Октябрь районунун акими Максим Ситников кызматынан бошотулуп, Бишкек мэри Азиз Суракматов анын отставкасына кол койгон.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх