Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Боронов: Медициналык кызматкерлердин кошумча төлөмдөрүн жогорулатуу маселеси каралууда

Премьер ак халатчандарга ыраазычылык билдирди

Премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн-брифингдин жүрүшүндө медициналык кызматкерлердин кошумча төлөмдөрүн жогорулатуу маселеси каралып жатканын билдирди.

- Бүгүнкү күндө өлкөдөгү абал кооптуу болууда, - деп белгиледи премьер. - Ушундай кыйын кырдаалда күнү-түнү кызмат кылган бардык медициналык кызматкерлерге ыраазычылык билдирем. Силердин кылган эмгегиңер баа жеткис, башымды ийип таазим этем.

Муну менен бирге Боронов азыркыдай жөнөкөй эмес абалда эмгектенип жаткан ак халатчандардын кошумча төлөмдөрүн жогорулатуу маселеси каралып жатканын кошумчалады.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх