Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Элвира Сурабалдиева депутаттык маянасын дарыгер менен бөлүштү

Дарыгер эл өкүлдөрүнүн бир айлык маянасына ооруканаларга керектүү канча нерсе сатып алууга болот экенин көрсөтүп берген

Өткөн айга 3 337 сом эмгек маяна алганын айткан дарыгер ЖК депутаты Элвира Сурабалдиевага маянасы менен бөлүшүүнү сунуштаган. Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык тармагындагы жеке баракчасына жазган.

«Бир нече күн мурда ЖК депутаты Элвира Сурабалдиевага депутаттык маянасы менен бөлүшүүнү сунуштадым эле, ал макул болуп, айлыгын мага которуп жибериптир. Абийирдүү инсандардын бардыгы өңдүү эле өзүм менен үй-бүлөмө өз мээнетим менен тапкан акчаны гана короторумду белгилегим келет.

Чындыгында анын айлыгы мен иштеген оорукана менен жамаатыма өтө зарыл болуп жаткан каражаттарды сатып алууга керек болчу. Мен иштеген оорукана азыр пневмонияга чалдыккандарды кабыл алып баштаган. Бир нече күндүн ичинде ондогон бейтаптар түштү», - деп жазган ал.
Дарыгер жөнөкөй кытай респираторлору жайдын аптабында өзгөчө улуу медициналык кызматкерлерге абдан ыңгайсыз экенин белгилеген.
«Алар да түгөнүп бараткан. Тендер өтүп, качан жаңы коргонуу каражаттары келери белгисиз.
Бир депутаттык маянага мен интернеттен обсервацияда иштеген бригадага: Американын көп колдонуучу респираторунан 10 даананы ( 200 даана алмаштыруучу фильтрлери менен). Алар жөнөкөйлөргө караганда алда канча ыңгайлуу, көз айнекти тердетип жибербейт, жакшы коргойт, бетке кыналып турат. Ошондой эле, өзүмдүн кайра жандандыруу бөлүмүмө да тендерден келгиче деп алып койдум. Андан башка веноздук катетерлерди, эндотраехалдык трубкаларды, эки гелий өтүк алмай болдум.

Ушунун баарына эч кандай бюрократиясы жок эле бир депутаттык маяна жетти. А мындай оор абалда 120 депутаттын айлыктары менен эмгек өргүүлөрүнүн акчаларына канча керектүү нерсени алса болот эле?», - деп жазган кыргызстандык.

 

Эске салсак, буга чейин кыргызстандык дарыгер өткөн ай үчүн 3337 сом айлык алганын социалдык тармакка жазган эле.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх