Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Президент шайлоо босогосун 7 пайызга чейин азайтуу жөнүндө мыйзамга кол коюп, коррупция менен күрөштү жокко чыгарды»

Бизнесимди тартып алат деп корккон депутат эч качан эркин боло албайт

Шайлоо босогосун 7 пайызга чейин азайтуу жөнүндө мыйзамга кол коюу менен президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшөбүз деген сөздөрүнүн барын жокко чыгарды. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова бөлүштү.

- 7 пайыз - бул реформа эмес, 9 жана 5 пайыздын ортосунда компромисс да эмес, болгону азыркы абалды тоңдуруп коюу, - деп эсептейт ал. - ЖКга өткөн партияларга гана кайтарыла турган жогорку шайлоо күрөөсү менен чогуу ал учурдагы олигархтык партиялардын абалын бекемдеп койду.
Шайлоо босогосу 7 пайызга азайтылгандан кийин жаңы эч кандай өзгөрүүлөрдү деле күтүүгө болбойт, дейт юрист. Элдин көбүнүн кыжырын кайнаткан азыркы чакырылыш деле дал ушул 7 пайыз менен өтпөдү беле.

- Демократия өнүкккөн мамлекеттерде шайлоо босогосу таптакыр эле жок, - деди Чолпон Жакупова. - Биздин депутаттар каталарынан сабак алып, жок дегенде аны 3-5 пайызга азайтышы керек эле. Бирок, бизде бир жагынан коррупция менен күрөшүү деп айгайлашып, ошол эле маалда бийликти олигархтардын эле калышы үчүн болгон аракеттерин салышат. Бул коррупция менен күрөшүү боюнча бардык сөздөрдү жокко чыгарып жатпайбы.
Бирок, бул канчалык шайлоочуларга төп келет? Жактоочу жарандар парламенттин VI чакырылышы менен алардын мыйзам демилгелерине карата нааразычылыктарын шайлоодо көрсөтө алышарын белгиледи.

- Бийликке финансылык ресурстарга ээ партиялар гана өтө алган шартта депутаттар эркин боло алышпайт, - деди Жакупова. - Бизнесмен-депутат начар жана өз кызыкчылыктарын гана сүрөгөнү келгени үчүн эле эмес. Ал башынан көз каранды, анткени, бизде көз каранды соттук система менен саясатташкан укук коргоо органдарыбыз бар. Мындай шартта ал сын айта албайт, анткени, ага каршы кылмыш козгошуп, бизнесин тартып алышат.
Парламент мүчөлөрү муну жакшы түшүнүшөт, деп сөзүн улантты укук коргоочу. Анын пикиринде алар ушундай эрежелер менен ойноп ЖКнын олигархтык мүнөзүн колдошууда.

- Бул чакырылышта ким эркин? - деп суроо салды юрист. - Наталья Никитенко, Мирлан Жеенчороев. Ири бизнесмендер эмес, орточо класс. Жогото турган эч нерселери жок, ошон үчүн көз карандысыз. Болгону ушул.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова мыйзам долбоорун парламентке одоно бузуулар менен алып келишкенен жана президент ага кол койбой, вето коюшу керек эле деген пикирин билдирди.

- Анткени, 2019-жылдын октябрь айында эле шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго жана босого чекти 5 пайызга чейин азайтуу жөнүндө мыйзам долбоору демилгеленген эле, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. - Бирок, аны карашпай, 2020-жылдын февраль айында эле экинчи мыйзам долбоорду чала-бучкак карап туруп өткөрүп жиберишти.
Мындан сырткары, юристтин пикиринде Сооронбай Жээнбековдун документко кол коюу чечими Жогорку Кеңешке өтүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүп берүү жөнүндө айткан өздөрүнүн эле сөздөрүнө каршы келет.

- 7 пайыз менен 5 млндук күрөө - бул бирдей шарттар эмес, - деп тактады экс-судья. Бирдей шарттар күрөө менен босого чекти азайтуу аркылуу түзүлөт да. Жок дегенде 3-5 пайызга азайтып, аймактык босого чекти да алып салуу керек болчу. Ал эми, 9 пайызбы, 7би - чоң деле айырмачылык жок, эч нерсе өзгөрбөйт. 2015-жылы 7 пайыз болчу, ЖКга ким келди? Бизде кайра ошол 2015-жыл болду.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх