Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бабанов: Кечир бизди, Адинай!

Саясатчы коронавирус менен күрөшүүгө өз эрктери менен жардам берип жатышкан ата мекендик ыктыярчыларга эстелик тургузуп берүүгө даяр

Мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов тергөө органдары ыктыярчы студент кыз Адинай Мурзабекованын өлүмүнүн себебин аныкташы керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу саясатчы Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазган.

Бабанов эгерде өкмөттүн коронавирус менен күрөшүүгө салымдарын кошуп жаткан ыктыярчыларга эстелик тургузууга чамасы жетпесе, өзү каржылап берүүгө даяр экенин билдирди.


“Бүгүн 21 жаштагы Адинай Мырзабекова жерге берилди.
Өтө жаш, студент болсо да элибиздин өмүрү үчүн күрөшүп келген эле!

Ал адамдарды коронавирустун чумасынан сактап калгысы келген. Өз жашоосун тобокелге салып, 11 сааттан коргоочу кийимин чечпестен, талыкпай иштеген.

Жаңыдан чоң жашоого аттанайын деп турганда, 21 жашында дүйнө салды!

Адинай улуулардай болуп, жашынан башкалардын өмүрүн сактап жатты. Обсервациядагы кесиптештерин ынтымакка үндөп, үлгү болуп жүргөн экен...

Ал жашашы керек болчу! Тергөө органдары Адинайды эмне үчүн жана кантип жоготконубузду аныкташы керек.

Адинай өз өмүрүн башкаларга арнаган баатырыбыз болду. Ал биздин мамлекеттүүлүк тарыхыбыздагы ар бир баатырга тең келген биздин замандашыбыз!

Бирок ата-энесине, жакындарына ал өзү керек эле го!
Жылмайып, кубанып эле жүрүшү керек эле...

Бизди кечир, Адинай!
Карьера жана бакыт үчүн эмес, өмүрүң үчүн күрөшүп калганыңа кечир!

Чындап оор...
Күн сайын жоготуу оор.
Үй-бүлөсүнө, жакындарына өтө оор...

Кош бол, Адинай!
Жаткан жериң жайлуу болсун, карандашым.

Эрдигиңди эч качан унутпайбыз!

Ушул оор кезеңде жардам берип келгендердин эрдиктери эч качан унутулбайт.

Азыр элибиз биригип жатат. Мүмкүнчүлүктөрү бар-жогуна карабастан, жардам көрсөтүп жатат.

Элиме жардам берейин деп четтен доктурларыбыз кайтууда. Чет өлкөлөрдө калып, өздөрү муктажга зар болгондор да жардамдашууда.

Көрүнбөгөн далай дарыгерлерибиз, ыктыярчыларыбыз көптөгөн жардам көрсөтүүдө. Көмөктөшөм деп өздөрү да оору жугузуп алгандар бар, кайтыш болуп кеткендер бар...

Бири-бирибизге жардашдашуу, элибизди сактап калуу сезимдерибиз ушундай күчтүү болуп турганда элибиз жашайт, өлкөбүз жашайт!”, - деп жазган Бабанов.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх