Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз саясат таануучулар Владимир Путинден коронавирустун вакцинасын жиберүүнү суранышты (фото)

Активисттер жакынкы аралыкта Си Цзиньпинге да кат жиберишмекчи

Кыргызстандык активисттер менен саясат таануучулар Россиянын президенти Владимир Путинге кат жолдошуп, Кыргызстандын элине жардам көрсөтүүнү суранышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына кайрылуунун демилгечиси - КРнын эмгек сиңирген юристри, юридика илиминин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев бөлүштү.

- Биздин мамлекет азыр кандай кыйын кырдаалда экени баарына белгилүү, кыргызстандыктар азыр башка өлкөлөрдүн жардамына муктаж, -деди ал. Апрелде эле Путин Россияда коронавирустун вакцинасы сыналып жатканын жана жайдын аягында ал массалык өндүрүшкө берилерин айткан болчу. Боордош өлкө бизге дары-дармек жана вакцина менен жардам берсе жакшы болмок.

Кайрат Медербекович массалык вакцинацияга бардык эле жарандар даяр эместигин, демек, ал туурасында сөз болушу мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

- Антпесе, кайра чиптөө же башкалар жөнүндө сөздөр башталып кетет, - деп күлдү ал. Мен, бирок, мисалы эмдөөгө макул болмокмун жана мага окшогондор көп деп ойлойм.

Муну менен бирге юрист Кытай өлкөсүнүн лидери Си Цзиньпинге Кыргызстанга кредиттик каникул берүү өтүнүчү менен кайрылууга ниеттенип жатканын белгиледи.

- Азыркы кырдаалда мындай кайрылуунун эч кандай эрөөн-терөөнү жок, - деди ал. Эгерде, биздин өкмөт мындай кадамга бара албаса, анда көйгөйлөрдү жөнөкөй жарандар чечүүгө аргасыз болот. Баса, Путинге кайрылумду мен Кремлдин расмий сайтына каттап койдум.

Эске салсак, буга чейин теле алып баруучу Ассоль Молдокматова да Россиянын президентине кайрылып, Кыргызстанга жардам берүүнү өтүнгөн.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх