Кубатбек Боронов Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Алар коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөштүн ыкмаларын талкуулашты
КРнын премьер-министри Кубатбек Боронов РФнын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.
Алар коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөштүн ыкмаларын жана бул жаатта өз ара иштешүүнү талкуулашты.
Тараптар ошондой эле эки мамлекеттин орчундуу маселелери боюнча, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдикте өз ара арекеттенүү боюнча көз караштары менен бөлүшүштү.
КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз