Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Раушан Айткулова: Change.org сайтынын жабылышы президенттин коомдук пикирден канчалык коркорун көрсөтүп койду

Импичмент үчүн петициянын автору муну сөз эркиндигине кол салуу катары эсептейт

Президент Сооронбай Жээнбековго онлайн-петиция жарыйланган Change.org сайтынын жабылышы президенттин коомдук пикирден канчалык коркорун көрсөтүп койду. Бул тууралуу петициянын автору, коомдук ишмер Раушан Айткулова айтып чыкты.

Сайт президенттик аппарат үчүн жабылды, деп болжоду ал.

- Бул жагдай эки нерсени ачыктап койду: президенттин коомдук пикирден канчалык корко турганын жана сын-пикирлерди жазалаган доордун кайра келгенин, - деп эсептейт Айткулова. - Чыныгы лидер мындайга жол бербейт эле. Өлкөнүн бардык ЖМКлары муну маалымдашканына карабай, дагы деле сайттын иштебей жатканына караганда - ал өлкө жетекчилигинин буйругу менен жабылган.

Ал ортодо президенттик аппараттын басма сөз кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Эске салсак, кечээ Кыргызстанда Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыяланган Change.org сайты иштебей калган. Ага 4 миңге жакын кыргызстандык кол койгонго жетишкен.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх