Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оренбургдагы кыргызстандыктар: Президент шерменде болуп парадга келгенден көрө бизге учак жибербейт беле?!

Бузулук шаарында калып калган кыргыз жарандар Кыргызстандын элчиси мигранттарга эч кандай жардам көрсөтпөй жатканын айтышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвага парадга баргандан көрө Оренбург облусунун Бузулук шаарында калып калган кыргызстандыктарга учак жиберсе болмок. Жарандардын мындай видео кайрылуусу Инстаграм социалдык тармагында тарап жатат.

«Бүгүн 2020-жылдын 15-июлу. Элчиден эч кандай жардам болгон жок. Элчи өзүнүн туугандарын учак менен кетирип жатат. 24-июнда сиз (президент-ред.) парадга келдиңиз. Эмне болдуңуз анан? Шерменде болуп кайра кеттиңиз. Келгенден көрө бизге учак жибербейт белеңиз?! Чартердик каттам кана?! Өз чөнтөгүңөргө гана иштеп акча менен чартердик каттамдарга элдерди салып жатасыңар. Павелецкий метросунда эки хостел бар. Эч кимди жаткырган жоксуңар ал жакка», - деген видеодогу кыргыз аял.

 Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх