Камчыбек Ташиев: Адинай мени дарылаган эле. Ал мыкты дарыгер болом деп жанын аябай иштеп жүрдү
Саясатчы ыктыярчы кыз жүрөгү тазалыгынан адамдарды сактап калам деп жүрүп, өзүнүн ооруга кабылганын байкабай калганын айтты
Коронавирустан жакында айыгып чыккан ЖКнын экс-депутаты Камчыбек Ташиев «Гансинин» ооруканасында аны ыктыярчы болуп иштеп жүрүп, каза тапкан Медициналык академиянын студенти Адинай Мырзабекова дарылаганын «Регион» аймагына берген маегинде айтып берген.
«Дарыгерлер биздин өмүрүбүздү сактайбыз деп өздөрү ооруп, көз жумуп жатышат. Бүгүнкү күндө дарыгерлердин саны кыйла азайды. Мен жүрөгүмдү өйүгөн нерсени айтышым керек.
Мен ооруп жатканда мени 21 жаштагы Адинай дарылаган. Мен ал жакта 5-6 күндөй болдум. Ал мени тынымсыз карап жаттым. Тагдыры ушундай болуп калганына биз - бейтаптар да күнөөлүбүз деп кээде ойлоп кетем.
Ал узун бойлуу, татынакай, шамдагай, тарбиялуу кыз болчу. Бир жолу байкасам - коргоочу кийимчен турган, көз айнегинен абдан тердеп, кыйналганы байкалып турду. Мен ага: «Көз айгенигиңди чечип, териңди арчып, бир аз дем алчы. Өзүңдү кара, абдан чарчаптырсың» дегем. Ал мага: «Жок, байке, азыр чечкенге болбойт, кезметим бүткөндө чечем» деди. 21 жаштагы кыз жанын аябай иштеди. Ал акча үчүн эмес, жүрөгүнүн тазалыгынан адамдарды сактап калам деп жүрүп, өзүнүн ооруга кабылганын байкабай калды.
.
Буга байланыштуу дарыгерлерге терең ыраазычылыгымды билдиргим келем. Өзүңөрдү жакшы карагыла дейт элем. Адамдын эмгенин анын тирүүсүндө баалаш керек деп ойлойм. Ага азыр сыйлыктардын кереги жок. Мындай сыйлыктарды дарыгерлердин тирүүсүндө берүү зарыл», - деген саясатчы.
Эске салсак, Медициналык академиянын 5-курсунун студенти Адинай Мырзабекова убактылуу стационарда ыктыярчы болуп иштеп жүргөн учурунда, 16-июлда көз жумган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий маалыматына ылайык, ал эки тараптуу пневмонияга чалдыккан. Маркум кыздын туугандары Vesti.kg сайтына мындан күмөн санашарын айтышып, бирок, экспертизанын жыйынтыктары бир айдан кийин чыгып, Адинайдын өлүмүнүн себеби ошондо так билинерин белгилешкен.
Фото www