Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кожобек Рыспаев энергетиктерди жакшы иштөөгө чакырды

Депутат электр жарыгынын үзгүлтүксүз берилишинен ооруканалардагы бейтаптардын ден-соолугу менен өмүрү көз каранды экенин белгиледи

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Фейсбуктагы баракчасынан энергетиктерге кайрылды.

Алардын айтымында энергетиктердин иши азыркы абалда чоң ролду ойнойт.

- Энергетиктер бийликтен кийин эле эң керектүү адистер, -деди парламент өкүлү. - Алардын ролу азыр абдан чоң. Электр жарыгы өчүп калса биздин бейтаптар эмне болот? Аймактардагы ооруканаларда электр жарыгы өчүп жатат деп жарандар кайрылышууда. Мен энергетиктерге кайрылат элем. Кыргыз эли учурдагыдай оор абалда сиздердин түйшүктүү ишиңиздерди баалап билет.

Рыспаев Улуттук энерго холдингге электр жарыгынын өчүрүлүшүнө байланышкан көйгөйлөрдү чечүү боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилгенин айткан.

- Жарык өчүп калса, жасалма дем алдыруучу аппаратарга кошулган бейтаптар жабыркап калышы мүмкүн, - деп баса белгиледи депутат. - Мындан сырткары, абитуриенттер жогорку окуу жайларга кирүү экзамендерин онлайн тапшыра албай калышат. Андыктан, биздин энергетиктерге кайрылат элем: жакшы иштегиле.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх