Рыскелди Момбеков президенттин "Ата Мекен"партиясына карата айтылган сын пикирине жооп берди (видео)
Пландар менен кландардын шайлоосу болот
"Президен Сооронбай Жээнбеков өзүнун тегерегиндеги партияларга эскертүү берсе болмок, эл деле бул эскертүүнү туура кабыл алмак"-дейт Момбеков .
-Ата Мекен" партиясы шайлоонун шайтан оюндарын баштаган жок. Биздин партия шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну гана суранды. Аны президент чечпейт, парламент чечмек. Бул шайлоо тагдырды чече туган шайлоо, тарых үчүн дагы маанилүү шайлоо. Президентибиз үчүн да маанилүү. Эгер ал сөзүнө туруп адилеттүү шайлоо өткөрбөсө, эртеңкибиз үчүн эч ким кепилдик бере албайт. Президен бир дагы партияга тартпай таза шайлоо өткөрүш керек.
-"Республика" менен "Ата Мекен" партиясына жигитчилик кылгыла деп башка партияларга тартканы туура эмес.
-Шайлоодон кийин калыстык болбосо толкундоолор болушу мүмкун. Шайлоочулардын добушун сатып алып административдик ресурстрды колдонуп атканы билине башталды . Бул опурталдуу иш . ж.б ушул сыяктуу Момбековдун ой пикирин төмөнкү видеодо көрө аласыздыр.
Гулиза Чудубаева
Видео fabula.kg
Фото www