Турциядан Бишкекке Кыргызстандын 316 жараны учуп келди
Кайрадан кайталанган иш чара аркылуу дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн Кыргызстандыктар учуп келишти
Турциядан Бишкекке «Turkish Airlines» авиакомпаниянын чартердик катамы менен Кыргызстандын 316 жараны учуп келди. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди .
Бул авиакаттам менен АКШ, Канада, Эфиопия, Франция, Германия, Испания, Италия,Түндүк Кипр, Венгрия, Словакия, Грузия,Корея, Украина, Чехия, Болгария, Марокко,Улуубритании, Бельгия, Норвегия, Польша жана Швеция өлкөлөрүнөн мекендештерибиз учуп келген.
"Түркия чет элдик жарандарды киргизүү боюнча чектөөлөрдү жоюп, эл аралык аба каттамдарын жандантканына байланыштуу жогорудагы өлкөлөрдө жүргөн жарандар бул мамлекет аркылуу учуп келишти", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындай иш чаралар дагы улантыла бермекчи.
КР ТИМ басма сөз кызматы