Өрт коопсуздук кызматынын мурунку директору : Эмнеге ӨКМ "911 кызматын "аткарбайт
"Кайда барбасын биздин кызматкерлер бардык ишти жасашат "
"ӨКК балдары суткалап түтүндө өрт өчүрүшөт, “кызыл зонада” жүрүшөт,дезинфекциялоо ишин кылышат. Ушундай абалда жүрүшүп 5 адамыбыз дүйнөдөн өтүп кетти. КР ӨКМ министри кызматкерлерибизди бардык иштерге жумшашат, алардын акыбалына көңүл бурбайт”-дейт өрт өчүрүү кызматынын мурунку директору полковник Жаныбек Иманов.
- Бизге караштуу ден-соолук чыңдоочу борборубуз жок, поликлиникабыз жада калса мед.комиссиядан балдар ИИМдин Коргоо Министрлигинин алдындагы мед.мекемелерден өтүшөт. Коргоо Министрлигине караштуу госпитал поликлиникалар Бишкек,Ош шаарларында бар. Эки жыл мурда поликлиникалар боюнча ӨКМ менен Коргоо Министрлиги ортосундагы келишим түзүлсө деген ниетте маселе көтөрүп чыккам, бирок ал иш да аягына чыкпай калды. Эгер министр жардам берсе иш акырына чейин чыкмак. ӨККнын балдары үйүндө пневмониядан өлмөк эмес
- Өрт өчүргүчтөр өзүнүн кызматын гана аткарбайт. Өрт өчүүрүүчү унаада 6 адам гана болуш керек. Анын үчөөсү авария болгон жакка кетсе, үчөөсү гана өрт өчүрүп калат. Бул жерде ар бир секунд чоң рол аткарат.
Эгерде милиция кызматкерлери авария болгон жерге ӨКК мурда келип калса өрттү өчүрө албай бизди күтүп калышат. Мен аларга" Унаасына дайыма өрт өчүргүч менен домкрат (оор нерсени бир аз жогору көтөрүүчү механизм)ала жүрсө кырсыктаган адамдарга да пайдасы тийет эле"-дейм .
-Пандемиядан убагында унааларыбыз менен көчөлөрдү дезинфекция кылып жатып жарактан чыга баштады, себеби хлор өрт өчүрүүчү техникаларына зыян келтирет экен.
Эске сала кетсек Vesti.kg мурунку чыккан санында Жаныбек Иманов премьер-министр Кубатбеку Бороновго жана КР Профсоюздук Федерациясынын орун басары Осмоналиев Жээнбекке ӨКК иштеп пневмания вирус менен ооруп айыккан кызматкерлерге санаторийлерге жолдомо берүүсүн өтүнгөн.
Фото www