«Бир бол» партиясы: Биздин арабызда Бакиевдердин кызы бар экенин билген да эмеспиз
Ал кыздын депутаттыка талапкер эмес экенин партия тастыктады
"Марат Бакиевдин кызы Сымбат «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулаймановго жардамчы"- деген сыяктуу маалыматтар соц.тармактарга тарап кеткен.
Партиянын пресс катчысы Vesti.kg сайтына Сымбат партияга волонтер экенин айтты.
-Социалдык тармактарга тараган жөн гана каралоо, ушак экенин айтты партиянын пресс-катчысы Ильич Кулназаров.
- "Сымбат бизге башкалардай эле аңгемелешүү менен өтүп иштеп калган. Биздин партиянын мүчөлөрү Марат Бакиевдин кызы экенин билген да эмес"-дейт партиянын пресс-катчысы.
Гулиза Чудубаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз