Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Меместан» аттуу мыскыл-тамаша барагын бузуп кетишти

Арген Абдыгул уулу мени бардык тараптан сындырышты

Арген Абдыгул  уулу өзүнүн баракчасына, өзү  түзгөн «Меместан» аттуу мыскыл-тамаша барагын белгисиз бирөөлөр бузуп кеткенин айтып чыкты

Анын айтымында бул ишке ким катышканын билбесе да, анын тамашаларындагы бийликке болгон сын пикирлердин таасири бул баракчаны бузганга түрткү болгонун айтты.

- Биз бул нерсеге даяр элек, бирок бул түзгөн баракчабызга ичибиз ачышып турат. Баракчамды сындырганы мени сындырганы. Менин азыркы абалым менен , ал кылып жаткан ишти улантууга чамам жок . Мени катуу сындырышты.

Бийликти сындаган тамашалар менен биздин өлкөдө эч ким чыкпашы керек.


- Биз күлгөндү тамашалаганды билишибиз керек . Баракчадагы сүрөттөрдүн 40 пайызын баракчага жазылган адамдар чыгарган. Алар аябай ачуу чындыкты чагылдырган сүрөттөрдү тартышкан. Кээ бирлери фотошоп жасаганды жаңыдан үйрөнүп келе жаткандар. Мен бул багыттын андан ары улантылып кетишин каалагам.

Эске сала кетсек ушул жылдын июль айынын орто ченинде «Меместан» аттуу мыскыл-тамаша барагынын түзүүчүсү Арген Бактыбек уулу жубайы менен сотко суракка чакырылган белгилүү.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх