Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фархад Баабиев: Мени Кой-Таштагы башаламандыкты уюштурган деп айыпташууда. Ал маалда дарыгерлер менден ок чыгарып жатышкан

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы УКМКны бир тараптуу иликтөө жүргүздү деп айыптады

2019-жылдын 7-8 -августунда Кой-Ташта орун алган окуялар боюнча соттук процесс адилетсиз түрдө жабык эшик аркасында өтүүдө. Бул тууралуу өз билдирүүсүндө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев билдирди.

Анын айтымында УКМК бир тараптуу иликтөө жүргүзгөн.

— Соттук процессти жабык эшик аркасында өткөргүдөй бизде жашыра турган эч нерсе жок. Тескерисинче, бийлик өзүнүн ыплас иштерин жаап-жашыргысы келип жатат, - деди Атамбаевдин тарапташы. - Анысы аз келгенсип, видео жана аудио жаздыруучу жабдыктары да иштебей, эч нерсе жазылбай калууда.

Баабиев бийликти басып алуу, массалык башаламандыктарды уюштуруу, адамдарды барымтага алуу жана башка беренелер боюнча айыпталууда.

— Бийликти басып алууга аракет кылуу боюнча мен төмөнкүдөй айтат элем: мен сөз эркиндигимен колдонуп Сооронбай Жээнбеков укуктук талаадан чыгып, бардык конституциялык нормалардан аттап кеткени боюнча өз пикиримди айткам, - деп тактады ал. - Президент диктатордук бийлик орнотуп алды. Ошондуктан, мен бийликке каршы терс пикиримди билдиргем. Мамлекет башчы коррупцияга каршы тандалма күрөш жүргүздү. Мисалга, далилдик базасы жок эле жаш саясатчылар Сапар Исаков менен Айбек Калиевди түрмөгө отургузуп койду. Ал эми 25 жылдык тарыхы бар КСДП партиясын ыдыратып салды.

Баабиев Кой-Таштагы окуялардын өз версиясын да айтып берген.

— 7-августта УКМК менен ИИМнин кызматкерлери куралсыз мага кол салып, ок атышып, уруп-сабашты, - дейт ал. — Эс учумду жоготуп койгонумду көргөн эки жигит тез жардам унаасы менен мени ооруканага жөнөтүштү. Башаламандык башталганда мен Мамакеевдин клиникасында операция болуп жаткам. Менден ок чыгарып жатышкан. Мен кантип бул башаламандыкты уюштура алат элем?

Эске салсак, 2019-жылдын 8-августунда Кой-Таш айылында УКМКнын спецназы эки күндүк чабуулдан соң мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колго түшүргөн. «Альфанын» бир кызматкери - Үсөн Ниязбеков көз жумган.

Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде КРнын ККнин «Адам өлтүрүү», «Адам өлтүрүүгө аракет жасоо», «Барымтага алуу», «Массалык башаламандыктар», «Бейбаштык» жана «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү жана коркутуу» беренелери боюнча катталган.
Экс-президенттен сырткары, депутаттар Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева, экс-депутат Равшан Жээнбеков жана башкаларга да айып тагылган.

Гулиза Чудубаева
Фото wwww

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх