Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-тажик чек арасында кыргыз чек ара кызматкерине эмне себептен ок атылганын аныктоо үчүн жолугушуу өтүүдө

Тажик тараптын версиясы боюнча, коңшу мамлекеттин да эки жараны жарадар болуп, алардын бири каза болуп калган

Кыргыз-тажик чек арасында КРнын Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жана Тажик Республикасынын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн, ошондой эле эки тараптын укук коргоо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өтүүдө.

Анда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматкерине байланышкан чырдын чоо-жайы аныкталып, ошондой эле тажик тараптын “Тажик чек ара кызматкери да жарадар болуп, Тажикстандын бир жараны алган жаракатынан көз жумду” версиясы дагы такталууда.

Толугураак маалымат фактылар аныкталгандан кийин берилет.

Кыргыз тарап Баткен облусунун Баткен районундагы чек аралаш Чыр-Дөбө жергесинде текшерүү иштерин баштады. Укук коргоо органдары Тажикстандын жарандары менен байланышкан окуяга далилдерди издөө боюнча тергөө иш-чараларын жүргүзүшүүдөт.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх