Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Былтыр ушул күнү Кой-Ташта чабуул башталган. Окуялардын катышуучулары билдирүү жасашты

«Кыргызстанда бийлик менен оппозиция ортосундагы катнаштын жаңы маданиятын түзүү мезгили келип жетти»

Дал ушул күнү, бир жыл мурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясына жасалган атайын операция башталган. Ал окуяларга түздөн түз катышкан адамдар Фейсбукта билдирүү жасашты.

Мурдагы мамлекет башчынын жактоочусу Замир Жоошев билдирүүнүн чындыгын Vesti.kg сайтына ырастап берди.
«7-8 -августта президент Сооронбай Жээнбековдун чагымчыл аракеттери өз максатына жетип, саясий каршылаштарынын көздөрүн тазалоого ылайыктуу шарттар түзүлгөн.

Учурдагы бийлик өзүнүн күнөөсүн сезип, кылмыш жоокерчилигине тартылып колуудан коркуп, далилдерди жоготуп, көрсөтмөлөрдү бурмалап жатат. Ал эми Кой-Таштагы окуялар боюнча соттук процесстин өзүн коркок бийлик жабык режимде өткөрүүдө. Чындык коомчулукка чыгып кетет деп сестенишкени да.
2019-жылдын 7-августунда УКМКнын спецназынын күчү менен экс-президенттин үйүндө ошол маалда болгон куралсыз жарандарды аткылап, бийлик мыйзамсыз аракеттерге ачууланган Алмазбек Атамбаевдин көп сандаган жердештеринин чогулушуна алып келген.

УКМКнын атайын операциясы ишке ашпай калгандан кийиин, мекеменин башчысы Орозбек Опумбаев “Альфанын” спецназына объектиден чыгып кетүүнү буюруунун ордуна (бүтүндөй дүйнөнүн спецназдарында ушундай тажрыйба иштейт) жоокерлерди Алмазбек Атамбаевдин үйүндө калып, мылтык менен болсо да каршы турууга мажбурлаган. Башкача айтканда, бийлик аларды атайын коркунучка кептеген. Максат - экс-президенттин ансыз да жинденген жердештерин жооп берүүгө түртүү болгон.
УКМКнын башчысы чогулган элдин колуна салып берген «Альфанын» жоокерлерин Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары сактап калган. Бир нече миң кыжырданган эл чогулуп калган эле, ал күнү үйдөн жарадар боллгон спецназдарды гана чыгарып кетүүгө мүмкүн болгон. Тилекке каршы, ооруканага жеткирилген бир жоокер медициналык операция учурунда көз жумган.

Эртеси, 8-августта абал кичине тынчып, калган 6 жоокерди жана чогулган курал-жарактарды алып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок, ЖКнын депутаттары Асел Кодуранова жана экс-президенттин күзөт башчысы Канат Сагымбаевдин кайрылууларына карабай УКМКнын жетекчилиги муну атайын аткарбай койгон.
УКМК 6 жоокерди барымтага түштү деп жарыя кылуу максатында аларды калтырып койгону түшүнүктүү болгондо Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары өздөрү «Альфанын» 6 жоокерин алып чыгышкан. Мындан сырткары, курал-жарактар дагы түгөл боюнча ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун колуна тапшырылган.

Жогоруда айтылгандардын бардыгына далилдер бар, бирок, Ак үй тергөөнү башынан бир тараптуу өтүүсүн колго алды. Айыпталуучуларды кыйноо, күбөлөргө кысым көрсөтүү, коркутуу жана сатып алуу, далилдерди бурмалоо, фактыларды алмаштыруу - мунун бардыгы тергөө учурунда активдүү колдонулду.

Соттук процесс негизсиз түрдө жашыруун болду. Процесстин жүрүшүн Бишкектин прокурору Темирбек Бекмаматов кудасы аркылуу Асылбек Жээнбеков өзү көзмөлдөөдө. Бекмаматов сотто мамлекеттик айыптоочу топтун кантип жетекчиси болуп калганын өзү түшүнүксүз.
Бирок, Ак үй чындыктан корккондой эле, УКМК жана ИИМнин жетекчилери эртеңи бүдөмүк экенин сезишкени акыр-аягы алар жоопкерчиликке тартылышат деген ишеничти арттырат.

Ошол учурда алар кимден мыйзамсыз тапшырмаларын алышканын акыры ачыкташарына да шек жок. Этегине намаз окуп жүргөн аткаминерлер менен генералдар биринчи мурдагы жетекчилерин сатып кетишерин биздин саясат далай көрсөттү.
Бирок, мунун бардыгы жаңы, башка бийликтин учурунда болот. Кой-Таштагы окуялар боюнча сот Ак үйдүн, УКМК жана ИИМнин азыркы кожоюндарынын кылмыштары менен чагымчылдыктарын ачып берген кезде.

Учурдагы режимдин мыйзам бузууларын калыс жана бейтарап иликтөө келечекте Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди кордоп, басмырлагандай учурдагы президентти дагы кордоо үчүн керек эмес. Мындай аракеттер жакшылыкка алып келбейт. Мындан баягы эле кошоматчыл генералдар менен прокурорлордун күнү тууйт. Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин качуусунан, Убактылуу өкмөт учурунда да ушундай болгон. Бирок, Сооронбай Жээнбеков кеткенден кийин башкача болушу керек. Анын режими учурундагы мыйзам бузуулар жарандык коомчулуктун катышуусу менен бейтарап иликтенүүгө тийиш.
Кыргызстанда бийлик менен оппозиция ортосундагы катнаштын жаңы маданиятын түзүү мезгили келип жетти. Кеткен жана келген бийлик ортосунда. Мамлекет жанеа ЖМКлар, жарандык коом ортосунда. Бийлик ээлери биринчи күндөн тарта кетирген мыйзам бузуулары үчүн жооп беришерин түшүнүшү керек», деп жазылган билдирүүдө.

Билдирүүгө Фарид Ниязов, Равшан Джеенбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева, Фархат Баабиев, Рыспек Карыпбек уулу жана Канат Осмоналиев кол коюшкан.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх