Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Республиканын» лидери Өмүрбек Бабановдун саясатка кайтабы? Партиянын лидери жооп берүүдөн баш тартты

Кийинки жумада партиянын съезди өтөт

Президентикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов кийинки жумада өтө турган «Республика» партиясынын съездинде кайрадан саясий бирикменин мүчөлүгүнө кайтмакчы. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өздүк булактар маалымдады.

Буга байланыштуу Vesti.kg саясий бирикменин төрагасы Мирлан Жээнчороевге кайрылды.

- Ооба, кийинки жумада съезд өтөт, - деди депутат. - 20-августка чейин чогулабыз. Азырынча жолугушуунун форматын, түзүмүн, делегаттарды чечип жатабыз.

Бирок,«Республиканын» лидери Өмүрбек Бабановдун кайрадан партиянын мүчөлүгүнө кайта тургандыгы боюнча үн катуудан баш тартты. Ал болгону Бабановдун буга чейин саясатка кайтуу ниети болбогонун эске салды.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов көп убакыт өлкө сыртында жүрүп, 2019-жылдын 9-августунда Кыргызстанга кайткан.

20 -декабрда «Республиканын» кезексиз съездинде Бабановдун сунушу менен Мирлан Жеенчороев партиянын жаңы лидерлигине келген. Ал эми саясий бирикменин мурдагы төрагасы саясаттагы карьерасын токтотконун билдирген.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх