Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жанар Акаев «Ата Мекенден» кеткен жок

Социалисттер интернеттеги фейк маалыматты төгүндөштү

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Ата Мекен» партиясынан кетти. Социалдык тармактарда ушундай маалымат тарады.

Бирок, саясий бирикменин мүчөсү Асия Сасыкбаева Vesti.kg сайтына бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Анын айтымында бул фейк.

- Акаев партиядан чыккан жок, биздин катарыбызда эле, - деди ЖКнын мурдагы депутатцы. - Мына азыр мисалы, ал партияда отурат.

Эске салсак, «Ата Мекен», «Ак Шумкар», «Жаңы Дем» жана КЛДП партиялары, ошондой эле, депутат Рыскелди Момбеков жана «Жашыл экономика үчүн» кыймылынын мүчөсү Азамат Темиркулов парламенттик шайлоого чогуу баруу үчүн биригишкен.

Гулиза Чудубаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх