Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын мурдагы төрагасы жарандардын келерки парламентке деле ичи чыкпайт деген пикирде

«Кийин, бирок, революция болуп кетип, топтогон тажрыйбанын бардыгы текке кетти»

Шайлоодо талапкерден акча алган шайлоочу ага кандайдыр-бир талаптарды коюуга акысы жок. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Зайнидин Курманов бөлүштү.

-Шайлоочулар кимди тандашканына жооптуу, - деди ал. - Бизде эмне бардыгы күчтүү, таза талапкерлерге добуштарын беришеби? Жок, жердештерин же акча үчүн шайлашат. Ал эми шайлоодо талапкерден акча алган шайлоочу ага кандайдыр-бир талаптарды коюуга акысы жок - силердин “келишимиңер” ушу менен аяктайт. Жетпей калса, кийинки шайлоого чейин чыда.

Депутаттар экс-төраганын пикиринде бул оюндун шарттарын жакшы билишет. Көпүрө салып бере коюу, суу чыгаруу же мал союп, майрам уюштуруп жиберүү сыяктуу “кайырмактарды” убагында сала калышат. Мына ушундай шайлоочулар менен талапкерлердин ортосунда түзүлгөн “контракттын” айынан, талапкерлер мандат алгандан кийин шайлоочуларды унутуп, өз кызыкчылыктарын эле көздөп калышат.

- Бирок, Жогорку Кеңештин депутатынын миссиясы - мыйзамдарды кабыл алуу, - деп эске салды Курманов. – Бул саясат, анын жардамы менен жөнөкөй элдин жашоосуна дагы олуттуу таасир этсе болот.

Экс-депутат мыйзам чыгаруу бийлигинде тажрыйбалуу саясатчылар отурса ал көп нерсени чечерин баса белгиледи. Ошондо өлкөнү өзгөртүүгө болот, дейт ал.
-ЖКда “жаштар” же “күжүрмөн иштермандар” эмес, принципиалдуу инсандар болушу керек, -дейт Курманов. - Мындай депутаттарга олигархтар мандаттын баркын кетирип, акчага сатып алып көнгөн ар бир өлкө муктаж. Андыктан, ЖКнын да, президенттин шайлоосунда да ойлонгула. Мындай жашоодон тажадыңарбы - эң мыкты, эң күчтүүлөргө добушуңарды бергиле.

Квоталардын чатагы
Зайнидин Курмановдун пикиринде учурдагы чакырылыш парламентте жөн гана “күн кечирип” отурат, ал эми эл буга көңүл да бурбай калган. Квоталар да анын пикиринде анык максатына жетпей эле.

- Балоо критейлери башка болушу керек, - дейт ал. - Аялдар жок эле, квота түзүп, аялдар келишти. Бул туура, эркектер салгылашып, багынтып, бандиттерди кармагысы келет. Балдардын, аялдардын, медициналык жардам көйгөйүн ким талкуулайт? Эркектерге мунун кызыгы жок, бул аялдардын колунан келчү иш. Бирок, биз эмнеге күбө болуп жатабыз? Биздин аялдар парламентаризм эмне экенин билишпейт. Же жаштар, 30 пайыз. Жок дегенде бирөөсү жаштардын көйгөйүн, жумушсуздукту көтөрүп чыктыбы? Эч ким. Майыптар да, улуттук азчылыктар да өз коомчулугунун көйгөйлөрүн алып чыгышпайт.

Депутаттардын түздөн түз милдеттери - премьер-министр же өкмөт менен салгылашуу эмес, алардын алдына тапшырмаларды коюп берүү экенин Курманов баса белгиледи. Бул көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүнүн биринчи кадамы болот.

- Жаштар биздин кандай жолду кечип өткөнүбүздү билишпейт, - деп кейиди экс-депутат. – Мен ишке киришкенде партиялык курулуш, шайлоо процессине басым жасагым келген - мен ушул тармактарда күчтүүмүн. Мен экономист эмесмин, бирок, саясатта, эл аралык мамилелерде жакшымын - мага бул жаатта балким эч ким жетпейттир. Мен иштедим, парламентаризмди реалдуу кылууга далалат кылдым. Биздин арабыздагы юристтер Кылмыш кодексинин үстүндө, финансисттер - Салык кодексинин үстүндө иштешти. Ар бири өзүнүн салымын кошчу. Бирок, кийин революция болуп, топтогон тажрыйбабыздын бардыгы текке кетти. Парламентке көчөдөгү шылуундар келип, бардыгын тукум курут кылышып, олигархиялык система түзүп салышты.

Эмне кылуу керек?

Курманов рационалдык адамдар мурдагы каталарын кайталабаганга аракет кылышарын белгиледи. Бирок, кыргызстандык саясатка мунун эч тиешеси жок, дейт ал.
- Эки революцияны баштан кечирдик, жок, эми алар үчүнчүсүн, төртүнчүсүн каалап жатышат, - деп баш чайкады ал. - Мындан начар болот, токтотуу зарыл. Иштейлик, процесстерди жүргүзөлүк, Бул бизге чейин эле ойлоп табылган. Ли Куан Ю америкалык, франциялык ийгиликтүү саясатчылардын тажрыйбасын жалпылап, өз өлкөсүн ошол жолго салып анан Сингапурду курган. Ал биздин министрлерге окшоп талааларды кыдырып, ГЭСтин каскадын өзү текшерген эмес. Эмнеге? Эмне жоготушту ал жакта?

Экс-депутаттын пикиринде саясатчылардын мамлекетине болгон кайдыгерлиги Кыргызстандын башка көптөгөн совет мамлекеттерине окшоп, алдыга кадам кыла албай калганына алып келди.
- Ар 5 жыл сайын бардыгын нөлдөн кайра баштап жатабыз, - дейт ал.

Мурдагы спикер биздин өлкөдө максаттуу программанын жоктугу - эң курч көйгөйдүн бири экенин белгиледи.
- Кытай стратегиясы 100 жылга эсептелинген, ошондуктан алар 4 жолу модернизация жасап коюшту, а биз болсо алдыдагы 4 жылды пландай албай отурабыз. Мындай болбошу керек. Биз ары-бери чайпалып, жээкке токтой албаган кайыкка окшошуп жатабыз. Өнүгүү стратегиясын жазуу зарыл. Мекенди сүйөм, аны өнүктүрүү керек деп сөз менен бардыгы эле айта алат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх