Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкону Беларусь президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады

«Сиздин бай тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз элдин бакубатчылыгын жогорулатууга мындан ары да өбөлгө болуп, өлкөнүн саясий жана экономикалык өнүгүүсүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларына ишенем»

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону өлкө Президенти кызматына кайрадан шайланганы менен куттуктады.

«Сиздин бай тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз элдин бакубатчылыгын жогорулатууга мындан ары да өбөлгө болуп, өлкөнүн саясий жана экономикалык өнүгүүсүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларына ишенем.

Эзелки достук салттарга, өз ара сый-урматка жана кызматташтыкка негизделген кыргыз-беларусь мамилелери мындан ары да биздин мамлекеттердин элдеринин бакубаттыгы үчүн өнүгүп, бекемделе берерине тилектешмин», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Беларусь Республикасынын достук мамиледеги элине — тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

КР президентинин маалыматтык саясат бөлүмү
Сүрөт КР президентинин маалыматтык саясат бөлүмүнөн алынды

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх