Алтынбек Сулайманов: Мыктыбек Абдылдаевди кайтып келип партияны жетектөөсүн өтүндү
Бирок Мыктыбек Юсупович аксакал катары ал жаш саясатчыларга жол берерин айтты.
Бир Бол партиясынын мүчөлөрү кесиптеши Мыктыбек Абдылдаевден 7-чакырылыштагы парламентке кайтып келүүнү суранышты, бирок эл депутаты жаш саясатчыларга жол берүүнү чечти. Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Кечээтен бери Мыктыбек Юсуповичтин парламентке талапкерлигин койбойбу деген суроолор пайда болду. Бул анын жеке чечими.
Мыктыбек Юсуповичти VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешке көрүүнү каалагандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Биз, партия мүчөлөрү катары, анын кайтып келишин суранып, аны тизменин баш жагында көрүүнү кааладык. Бирок, Мыктыбек Юсупович, аксакал катары, жаш саясатчыларга жол берерин айтты.
Ал 6-чакырылыштын эң үлгүлүү, чыдамдуу, билимдүү профессионалы, ал татыктуу депутат катары элдин урмат-сыйына ээ болду.
Мыктыбек Юсупович партиядан чыккан жок. Ал ар дайым биздин насаатчы, аксакал, кеңешчи жана жол көрсөтүүчү болот, бизди туура жолго салат », - деди Сулайманов.
Фото www