Ички иштер министрлигинин башчысынын мурдагы орун басары Кашкар Жунушалиевге карата соттук териштирүүнү жеңип алган
Жогорку сот милиция майорунун кызматтан бошотулушун мыйзамсыз деп тапты
Жогорку сот Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген коопсуздук кызматынын (ГУГССО) Башкы башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары, милициянын майору Ралис Касановду укук коргоо органдарынан мыйзамсыз бошотуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу Aryba.kg порталы маалымдады.
Белгиленгендей, Кашкар Жунушалиев 2018-жылы ички иштер министри кызматын ээлеп, Ралис Касановду кызматтан бошоткон. Соңку кездери бардык сот инстанцияларында жеңишке жетишип, эми Жогорку Сотто жеңишке жетишкен. Эки жылдан бери төлөнө элек айлыгы 500 миң сомго жетти. Бул каражаттарды мамлекет төлөп бериши керек. Кашкар Жунушалиевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы ушуну менен далилденди.
Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин сот Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мадияр Кулуевди жана Ички иштер министрлигинин МККнын экинчи бөлүмүнүн башчысы Мыктыбек Болушевди мыйзамсыз бошотулгандыгын тастыктаган
Фото www