Бишкекте биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча райондук борборлор иштей баштады
Бардык санитардык эрежелер борборлордо так сакталат. Жарандар өздөрү менен бирге паспортун ала келиши керек
24-августтан баштап Бишкек шаарынын төрт районунда биометрикалык маалыматтарды чогултуу иштери улантылууда . Бардык санитардык эрежелер борборлордо так сакталат.
Биринчи май районунун жашоочулары үчүн Ростовская көчөсү 19б дарегинде "Тазалык" муниципалдык ишканасынын базасында биометрикалык маалыматтарды чогултуу борбору ачылды, кененирээк маалымат алыш үчүн тел : 0705 635363.
Свердлов районунун жашоочулары Дордой жаңы конушундагы № 94 мектепте (биринчи кабатта) саат 9дан кечки 18ге чейин, кененирээк маалымат алуу үчүн тел : 0505 577222.
Октябрь районунун тургундарынан Байтик-Баатыр көчөсү 17, Октябрь акиматынын имаратында кабыл алынат, иш убактысы 9дан кечки 18ге чейин (тыныгуу: 12:00 дан 13:00 чейин), кененирээк маалымат алуу үчүн тел: 0550 776644.
Ленин районунун жашоочулары Интергельпо көчөсү 2, № 57 мектептин имараты : 0705 160513.
Паспортуңузду өзүңүз менен алып келүүнү унутпаңыз!
Урматтуу жарандар! "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны биометрикалык каттоодон өтүшү керек.
Бишкек шаардык мэриясы
Фото www