Канатбек Исаев: Биздин документтер БШКга өз убагында тапшырылган
Партиянын лидери журналисттерге депутаттыкка талапкерлердин тизмесин берүүдөн баш тартты
"Кыргызстан” партиясынын документтери Борбордук шайлоо комиссиясына өз убагында тапшырылды. Бул тууралуу саясий бирикменин лидери Канатбек Исаев маалымат жыйынында билдирди.
"Документтер өз убагында берилип, 18: 00гө чейин биздин өкүл имаратта болгон, бул жазылып алынган", - деди ал. - Абалды курчутушу мүмкүн болгондуктан, биз БШК төрагасынын маалымат жыйынына катышкан жокпуз. Айрым партиялардын өкүлдөрү төрагага кысым көрсөтүштү. Бул кабыл алынгыс нерсе, бардыгы мыйзам чегинде болушу керек.
Исаевдин айтымында, башка партиялар "Кыргызстандын"беделин түшүрүүнү каалашат .
"Биздин өкүлдөр партиянын штабынан кечки саат 18: 00гө чейин 20 мүнөттө чыгып кетишти", - деп түшүндүрдү Канатбек Кедейканович. - Баарыбыз кечээ партиялардын лидерлери катышкандыгын көрдүңүз. Биз дагы барууну кааладык, бирок барбай койдук.
Журналисттер Исаевден талапкерлердин тизмесин берүүсүн өтүндү, бирок ал макул болгон жок. Анын айтымында, тизме дагы эле такталууда.
Гулиза Чудубаева
Фото www